Жаңылыктар
Президент А. Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент А. Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысына Бишкек шаарындагы архитектура жана шаар куруу жаатында мыйзамдуулуктун сакталашын көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралу маалымат берилди. 

Башкы прокурордун сөзү боюнча, мыйзамдарды алешемдиктерди жоюу, анын ичинде ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү демилгелөө максатында көзөмөл органы тарабынан бул чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат. Индира Жолдубаева борбордо мыйзамсыз салынган капиталдык жана чакан объектилер түртүлүп, бул категориядагы мурда козголгон бардык жазык иштерин инвентаризациялоо жүрүп жатканын айтып берди. Маалыматты угуп, президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага өлкө борборунда шаар куруу жаатында мыйзамдуулукту камсыз кылууга байланышкан бир катар тапшырмаларды берди.