Жаңылыктар
"Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев дагы бир айга абакта калтырылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев дагы бир айга абакта калтырылды

Тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча акыркы айыбы угузулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Ошондой эле, "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев дагы бир айга абакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган. 

Буга чейин мындай чечим Текебаев менен бирге айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөнкул Чотоновго карата чыгарылган болчу. УКМК Башкы прокуратурага тергөөнү дагы бир айга узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Анын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, өтүнүч канааттандырылды.

Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Текебаевге жана башка адамдарга карата Кылмыш кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишине байланыштуу Текебаев жана Чотонов кармалган. 27-февралда аларга коррупция боюнча айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.