Жаңылыктар
Бишкекте ынтымакка чакырган курултай өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ынтымакка чакырган курултай өттү

Бишкекте “Ырыс алды ынтымак” деген аталыштагы курултай өттү. Иш-чараны “Сары-Өзөн-Чүй” коомдук бирикмеси уюштуруп, ага Чүй облусунда жашаган бардык улуттун өкүлдөрү, интелигенция, коомдук ишмерлер, коомдук уюмдардын жана жаштардын өкүлдөрү келишти. Жалпысы 600 делегат катышып, Чүй өрөөнүндө жашаган баардык улуттарды жана жалпы эле Кыргызстандыктарды ынтымакка чакырышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөндөр, ыктымак, биримдикте иш алып барса, өлкөбүз өнүгөт деп кыргыз элине биримдикте бололу деген кайрылуу жолдошту.

"Кыргыз мамлекетинде анын ичинде Чүйдө көйгөйлөр аз эмес, көч бара бара түзөлөт дегендей, кыргызда жакшы сөз бар, түбөлүгү түз болсун деген. Биз Кыргызстан түбөлүктүү, келечектүү мамлекет болушун каалайбыз, бизге ынтымак, биримдик керек",- деди "Сары-Өзөн-Чүй" бирикмесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Алымбек Турмалиев.  

"Биздин аталарыбыздын келгенине 1 кылым болуп калды. 1920-жылдары кыйынчылык убакта келип жашап калдык. Кетейин деген оюбуз жок. Башка улуттагы элдер менен ынтымакта жашайбыз. Кыргызстандын өнүгүшүн каалайбыз. Кыргызстан биздин мекен!",- дейт "Сары-Өзөн казактары" коомдук бирикмесинин төрагасы Арслан Түлегенов.