Жаңылыктар
Нариман Түлеевге таандык делген "Сапат-центр" мамлекеттин карамагында
Кыргызстан жаңылыктары
Нариман Түлеевге таандык делген "Сапат-центр" мамлекеттин карамагында

"Сапат-центрдин" алдында аны ижарага алган 150дөй адам чогулду. Бирок, милиция кызматкерлери аларды имаратка киргизген жок. Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына таандык делген "Сапат-центр" башка мүлктөрү менен кошо Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июлдагы чечими менен мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Коррупцияга шектелген экс-мэр 11 жылга эркинен ажыратылып, былтыр 60 миллион сомду казынага кайтарып бергенден кийин бошотулган.

“Имараттын ичине кире албай жатабыз. “Ташболот холдинг” менен мыйзамдуу келишим түзгөнбүз. Милицияга каршы туралы деген оюбуз жок. Маселе эртерээк чечилсе дейбиз”,- дейт ушул жерден кеңсени ижарага алган жаран. 

Нариман Түлеев жана анын жакындарына таандык делген башка мүлктөр дагы мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Бирок мурунку кожоюндар жана мүлктү пайдаланып келген жарандар сот чечимдерин аткаруудан баш тартып келген.