Жаңылыктар
Тарыхчылар репрессия курмандыктарын эскеришти
Кыргызстан жаңылыктары
Тарыхчылар репрессия курмандыктарын эскеришти

Бишкекте кыргыз-казак жана орус тарыхчылары мындан 80 жыл мурунку саясий репрессиянын курмандыктарын чогуу эскеришип, тарыхый кырдаалга дагы бир жолу өз бааларын беришти. Ошондой эле казак тарыхчылары 1930-жылдары казак элин каптаган ачарчылыкта кыргыздар бул апаатан көптөгөн казактарды аман алып калганын айтып, кыргыз боордошторуна 87 жыл мурунку кең пейилдиги үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

1937-1938-жылдарга туш келген массалык репрессиялар тарыхта "Чоң террор" деп аталып калды. Тарыхтын кайгылуу барактарында көптөгөн жазыксыз адам репрессияга кабылган. Алар ак жеринен кылмышкер аталып, сүргүнгө айдалып, кыйноого туш келип өмүрлөрү кыйылган. Кыйын кезеңде эки элдин көрүнүктүү ишмерлери улут үчүн биргелешип күрөшкөн. Тарыхчылардын айтымында, азыркы күнгө чейин тарых барактары толук ачылбай, ийне жибине чейин такта элек учурлар бар.

Репрессия учурундагы жоготуулар дагы деле толук ачыла элек. Окумуштуу илимпоздор жыйында тарыхты дагы терең казып, далилдерди таап чыгып келечек муунга калтырууну сүйлөшүштү.