Жаңылыктар
Хабаровск шаарындагы кол салуудан кыргызстандык жаракат алды
Кырсык
Хабаровск шаарындагы кол салуудан кыргызстандык жаракат алды

Орусиянын Хабаровск шаарындагы Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнүн имаратына кол салуудан Кыргызстандык Талант Жумаев жаракат алды.

Окуядан үч адам курман болду. Күч кызматкерлери тарабынан куралчан өспүрүм жок кылынды. ФСБнын маалыматы боюнча ок чыгарган адам жергиликтүү тургун экени, улутчул кыймылдар менен байланышы бар болгон. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Талант Жумаев ФСБ башкармалыгына котормочу катары чакырылган. Кыргызстандын аймактагы ардактуу консулу Каныбек Мырзабаев Жумаев жеткирилген ооруканага барып, кабар алган. Дарыгерлердин айтымында, Талант Жумаев жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу оор деп бааланууда.