Жаңылыктар
Көмүр шахтасындагы кырсык
Кырсык
Көмүр шахтасындагы кырсык

 22-апрелде Ысык-Көл облусундагы Жыргалаңдагы шахта эки кишини басып алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, шахтанын алдында калгандар ошол жерде иштечү. 

Кырсыкка учурагандарда куткаруу үчүн облустук администрацияда штаб түзүлдү. Куткаруу ишинен азырынча натыйжа чыга элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандан улам болушу ыктымал.