Жаңылыктар
Базар-Коргон: жер көчкүдөн 2 адам каза болду (жаңыланды)
Өзгөчө кырдаал
Базар-Коргон: жер көчкүдөн 2 адам каза болду    (жаңыланды)

23-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда көлөмү 300 кубометрди түзгөн жер көчкү жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына караганда көчкү 17:15тер чамасында түшкөн. 

Көчкүдөн 2 киши каза болуп, дагы экөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Аталган көчкүнүн жылышы тууралуу 10 күн мурда эскертүү берилгендигин ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Учурда көчкү басып калуу коркунучундагы дагы 7 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.