Жаңылыктар
Туура эмес жерге унаа токтоткондор айып төлөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Туура эмес жерге унаа токтоткондор айып төлөйт

Жакын арада туура эмес жерге токтотулган унаалар эвакуациялана баштайт. Тийиштүү токтомду өкмөт кабыл алды.

Унааларды эвакуациялоо боюнча мыйзамга былтыр апрель айында кол коюлган. Ал эми өкмөт аны бир жылдан кийин мыйзам алдындагы актылар иштелип чыккан соң кабыл алган. Эвакуацияны ишке ашырган компанияларга акы эреже бузган айдоочулардын эсебинен төлөнөт. 

Азырынча ал каражаттын өлчөмү белгилене элек. Ошондой эле, эреже бузган айдоочу мамлекетке өзүнчө 1000 сом көлөмүндөгү айып пул төлөйт. Жакынкы аралыкта негизги тарифтер иштелип чыгып, монополияга каршы органга жиберилет. Жол кайгуул кызматынын маалыматына караганда, "Эвакуатор" деген белги турган жерден гана эвакуацияланат. Мындай белгилер айрыкча соода борборлорунун алдыларына коюлат. Учурда белгилер коюла турган жерлерди аныктоо иштери жүрүүдө.