Жаңылыктар
Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет
Маданият
Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет

2017-жылы 21-апрелде Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев «Чыңгыз  Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.  

Жарлыкка  ылайык, улуу ойчул  жазуучунун  улуттук  жана дүйнөлүк адабият, маданиятка  кошкон зор салымын эске алуу менен Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы  2018-жылы  улуттук  жана эл аралык деңгээлде белгиленет.  

Ал эми жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2 айлык мөөнөт ичинде  иш-чаралар планын иштеп чыгып  бекитүү милдети коюлду. Аткарылчу иштин  көлөмүнө жараша жумшалчу зарыл финансы каражатын бөлүү жагы да каралган.         

Зинакан Кайыпова,  “Биринчи радио”