Жаңылыктар
Казакстандагы суу каптоодон алты адам курман болду
Өзгөчө кырдаал
Казакстандагы суу каптоодон алты адам курман болду

Казакстандын жети облусун суу каптап, алты адам курман болду. Кардын эришинен жана дарыялардагы суунун киришинен улам Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Кустанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолун жууп, 200дөн ашык үйдү жана мектептерди каптап кеткен. Буга байланыштуу шаар жеринен 1300 киши башка аймактарга эвакуацияланды.