Жаңылыктар
Патрулдук милиция күчөтүлгөн тартипте рейд жүргүзүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Патрулдук милиция күчөтүлгөн тартипте рейд жүргүзүүдө

Патрульдук милиция кызматы өлкө боюнча күчөтүлгөн тартипте рейд жүргүзүп жатат. Себеби акыркы учурда өлүм менен коштолгон жол кырсыктары көп катталган. Ошондой эле  шаардагы маршруттук унаалардагы ушул айдын аягына чейин катту көзөмөлдө болот. Шаар тургундарын салып эреже бузган маршруттук унаалардын айдоочуларына катуу жаза күтөт. Ошондой эле аларды жолго чыгууга уруксат берген жеке менчик ишкана лицензиясынан кол жууйт. 

Учурда Бишкек шаарында 2800 маршруттук унаалар тургундарды тейлейт. Бирок булардын көпчулүгү жол эрежесин сактабай жүргүнчүлөрдүн ден-соолугуна зыян алып келүү коркунучун жаратат жана жолдо тыгындардын болушу шарттап жатат дешет адистер. Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылы  маршрттук унаалар автобустарга жана тралейбуска алмаштырууну Бишкек шаардык мэриясы пландап жатат. Жалпы жонунан 600 жүздөй автобустар алынат. Бирок  бул демилгени этап менен ишке ашыруу багыттында,  алгачкы жылы 30-40 автобуст гана  Бишкек шаарына келет.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"