Жаңылыктар
Подполковниктин сырдуу өлүмү боюнча териштирүү иштери аяктай элек
Кылмыш
Подполковниктин сырдуу өлүмү боюнча териштирүү иштери аяктай элек

Өткөн айдын аягында Ош шаарында болгон подполковниктин сырдуу өлүмү боюнча териштирүү  иштери аяктай элек. Аны өлтүрүүгө шектелип, бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү кармалган  эле. 

Милициядан кабарлашкандай, алгачкы тергөөнүн жыйынтыгында 44 жаштагы үй кожоюну  кылмышты мойнуна алган. 

Азыр, анын жакындары бул кылмышта шектүүнүн күнөөсү жок, кыйноо менен мойнуна алдырган деп билдиришүүдө. 

Бирок милиция муну четке кагат.  Ал эми жабырлануучу тарап кылмыш жасагандарды убагында аныктап, жазага тартуу өтүнүчү  менен Жогорку Кеңешке кат жолдошту. 

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары"