Жаңылыктар
Советтик доордогу саясий репрессия курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Советтик доордогу саясий репрессия курмандыктары эскерилди

Мындан туура 79 жыл мурун сталиндик бийлик мамлекетибиздин пайдубалын түптөөгө кызмат арткан  чыгаан эр-азаматтарыбыздын  кырчындай өмүрлөрүн кыйып, улуттун келечегин ойлогон жүздөгөн уулдарыбыздан ажыраткан. 

Дал ошол 1938-жылдын кандуу бешинчи жана сегизинчи ноябрь күндөрүн эске салган “Тарыхый эс тутум – келечек үчүн” аттуу Эл Аралык тегерек отурум Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ишемби күнү болуп өттү. 

1991-жылдын 30-августунда эгемендүүлүк  аларыбызга бир күн калганда Чоң-Таш айылында сталиндик репрессия курмандыктарын  кайрадан жерге берүү зыйнаты өтүп, Ата-Бейит мемориалдык комплекси курулган. Демек, ата бейит кыргыз элинин сыймыгына ээ,  чыныгы эр азаматтар жаткан ыйык жер.  Бул  күндөгү иш чаранын соңунда Эл Аралык тегерек отурумдун резолюциясы кабыл  алынды.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"