Жаңылыктар
Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүрүүдө

Кооптуу жагдайдын алдын алуу максатында, 24-апрелден 28-апрелге чейин, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымында, таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жараткандыктан, саат 9:00дан 15:00ке чейинки убакытта жол каттамы маал-маалы менен жабылып турат.