Жаңылыктар
Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилет
Айыл чарба
Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилет

“Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында быйыл 7 миллиард сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет. Бүгүнкү күнгө чейин дыйкан-фермерлерге берилген жеңилдетилген насыянын көлөмү бир жарым  миллиард сомго жетти. Бул тууралу  айыл чарба, тамак аш өңөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти. 

Бирок, ишкана ачкан жаран андагы түзүлгөн жумушчу орундун санына карап насыяны көп көлөмдө алуу мүмкүнчүлүгүнө  ээ болорун ырастады. “Айыл чарбасын  каржылоо” долбоорун ишке ашырууга буга чейин каржы министрлиги менен  коммерциялык банктар жоокерчиликти алып келсе, эми  алардын катарына экономика министрлиги кошулду. 2017-жылдагы пайыздын чендерди субидиялоого республикалык бюджеттен 700 миллион сом чегерилди.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"