Жаңылыктар
Коопсуздук Кеңеши юстиция министрлигиндеги жемкорлукту аныктады
Коррупция
Коопсуздук Кеңеши юстиция министрлигиндеги жемкорлукту аныктады

Коррупциялык мүмкүнчүлүк юридикалык жактарды каттоодо кездешсе, соттук экспертиза  борборунун ишмердүүлүгүндө каржылык бузуу көрүнүштөрү белгиленди. Мындан тышкары, нотариалдык жана адвокаттык ишмердүүлүккө лицензияларды берүү жааты коррупциялашкан. Юстиция министрлиги да, мекеменин ишмердүүлүгүндө  коррупциялык тобокелчиликтер бар экендигин танбайт. 

Маселен, такталбаган маалыматтар боюнча,  нотариалдык жана адвокаттык  ишмердүүлүк үчүн   аталган министрликтин  кызматкерлери  1 миң долларга чейинки акча алышат.

Коопсуздук кеңешинин  келерки жыйыны, 27-апрелге белгиленди. Анда  Юстиция министрлигиндеги коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү механизмдер сунушталаары күтүлүүдө.                                    

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"