Жаңылыктар
Өкмөт жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрөт

Өкмөт жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында бардык чараларды күчөтөт. Бул багытта тиешелүү министрликтер жергиликтүү бийлик менен бирге жапа тырмак иш алып барууда. Мындай чечим өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча жыйында кабыл алынды. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун айтымында жыл башынан бери 181 ар кандай кырсык катталган, анын кесепетинен дарыядан ашкан суулар айдоо жерлерди да жууп кетүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учурда дарыя жээктерин бекемдөө жумуштары уланып жатканын, жер көчкү менен сел жүрө турган кооптуу аймактын тургундарын башка жерге көчүрүү иштери жүрүп жатканын ырастады. 

Айтымында өлкөдөгү бардык дарыяларды паспорттоштуруу зарыл жана дарыянын ичиндеги кум-шагылды казууга тыюу салуу керек. Антпесе алардын кесепети суулардын ташкындашына алып келүүдө. Өкмөт башчы бул жумуштарга каражат жетиштүү бөлүнөрүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да жеринде иш алып барсын деген тапшырма койду.