Жаңылыктар
Sputnik Кыргызстан Жеңиш күнүнө карата "Баарыбызга таандык" акциясын баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Sputnik Кыргызстан Жеңиш күнүнө карата "Баарыбызга таандык" акциясын баштады

Улуу Жеңиш майрамынын босогосунда  Sputnik Кыргызстан агенттиги НТВ телекомпаниясы жана "Одноклассники" соцтармагы менен биргеликте КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн арасында "Баарыбызга таандык " масштабдуу акциясын баштады.

Аталган акциянын алкагында ар бир интернет колдонуучу Булат Окуджаванын "Нам нужна одна Победа" чыгармасын аткарып, ал видеону Sputnik агенттигинин "Одноклассники" тармагындагы баракчасына, НТВ телеканалынын расмий сайттарына жана OK Live тиркемеси аркылуу интернетке жүктөшү керек. Ага #ОднаНаВсех хещтегин коюуну унутпаңыз. Мыкты делген видеолор КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Sputnik порталдарына чыгып, НТВ каналынан көрсөтүлөт.

Ошондой эле Sputnik ардагерлер, хор коллективдери, КМШнын белгилүү музыканттары, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Sputnik журналисттеринин катышуусунда видео долбоорду баштады. Катышуучулар аталган легендарлуу ырдан үзүндүлөрүн аткарышат. 9-май күнү Армения, Белоруссия, Молдова жана Кыргызстандын Sputnik сайттарында негизги аянттагы майрамдык салтанатты түз алып көрсөтүү болот. Долбоордун максаты — Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жоокерлердин жаркын элесин жүрөктө сактоо жана урпактардын бири-бири менен байланышын көрсөтүү.