Жаңылыктар
Президент Балыкчы- Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоо иштери менен таанышты
Экономика
Президент Балыкчы- Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоо иштери менен таанышты

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусундагы Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолун оңдоо иштери менен таанышты. Таанышуу учурунда Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мамлекет башчысына, жаңыланып жаткан автомагистралдын бардык негизги тилкелеринде иш жүрүп жатканын айтып берди. 

Министрдин айтымында, туристтик сезон башталганга чейин Чок-Тал - Чолпон-Ата тилкесине асфальт төшөө иштери аяктайт. Алмазбек Атамбаев жолду жаңылоого зарыл каражаттардын табылышы менен куруучулар жолду өз маалында жана сапаттуу бүткөрүүгө тийиш экенин белгиледи. 

Президент Балыкчы - Корумду автомагистралы бардык талаптарга жооп бергидей, жол жээгинде жайгашкан шаар менен айыл тургундарына жана туристтер үчүн коопсуз жана жайлуу болсун. Эң башкысы - инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу зарыл - деп билдирди.


Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев Балыкчы шаарында кайра оңдолгон Абдрахманов көчөсүнүн абалы менен да таанышты. Жолду көрүү учурунда Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов шаардын бул негизги автомагистралын оңдоо иштери тууралу айтып берди. Жолдун абалын көргөн президент Алмазбек Атамбаев жол жээгиндеги инфраструктураны жакшыртуу чараларын көрүү тапшырмасын берди.

Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүн жаңылоо 2016-жылы бүткөрүлгөн. Былтыр июнда жумушчу сапар маалында мамлекет башчысы бул жолдун сапатын жана өз маалында оңдоону көзөмөлдөө боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине айрым пикирлерин айткан.