Жаңылыктар
Бишкекте жол кырсыгына кабылган балдардын биринин абалы оор бойдон калууда
Кырсык
Бишкекте жол кырсыгына кабылган балдардын биринин абалы оор бойдон калууда

Мамлекет  айдоочуларга болушунча ыңгайлуу шарт түзүп, жол каттамдарын оңдоп жатса, зымыраган жолдон унаасын катуу айдап, чер жазгандар дагы жок эмес. Тилекке каршы, анын кесепетинен адам өмүрүнө коркунуч жаралууда. Дегенибиздин себеби, 21-апрелде Бишкекте жол кырсыгына кабылган балдардын бири эсине келе элек. Абалы оор бойдон калууда.

Эреже бузуп кырсыкка себепчи болгон айдоочу учурда камакта. Коомдук тартипти көзөмөл кылганга оң таасирин тийгизип, көчөдөгү жол кырсыктарын азайтат деген "Коопсуз шаар" долбоору да ишке ашпай турат. Коңшу Тажикстан аны ишке ашырып, жол кырсыктарын бир кыйла азайтууга жетишип, казынасын да каражатка толтурууда. 

Катуу ылдамдык менен балдарды коюп кеткен айдоочу изин жашырып, бирок көп узабай кармалган. Ал мурда да адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына себепчи болуп, анда жазаланган эмес. Маркумдун туугандарына кенемте төлөп берип кутулган. Соңку окуяга байланыштуу эки берене менен кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылганы турат.
Кырсыкка кабылган балдар борбор калаадагы 74-мектептин 3-классынын окуучулары. Алардын биринин абалы жакшыра баштаса, экинчиси дагы эле эсине келе элек.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы калаада балдар кабылган жол кырсыктары азайганын билдирди. Бирок, оорукананын маалыматы буга каршы келип жатат.
Ал эми жалпы өлкө боюнча абалга кайрыла турган болсок, былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 16 пайызга азайганы менен, балдар катышкан окуялар тескерисинче 10 пайызга көбөйгөн. 1700дөн ашуун бала жол кырсыктарынан жабыркаган.