Жаңылыктар
“Коркут Ата” спектакли Казакстанда өткөн эл аралык фестивалдан байгелүү кайтты
Маданият
 “Коркут Ата” спектакли Казакстанда өткөн эл аралык фестивалдан байгелүү кайтты

Драматург Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” спектакли Казакстанда өткөн “Театр көктөмү” эл аралык фестивалынан байгелүү кайтты. Казакстандын тунгуч режиссеру Жумат Шаниндин 125 жылдыгына арналган иш-чараны коңшу өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму бирге уюштурган. “Коркут Ата” спектаклиндеги каармандардын ролун Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын өнөрпоздору аткарган.



Түркестан шаары быйыл “түрк ааламынын маданий борбору” деп жарыяланган. Андыктан “Театр көктөмү” фестивалынын дал ушул калаада жана ага жакын Шымкентте өтүшү бекеринен эмес. Бул саамалыкта түрк тилдүү өлкөлөрдүн 12 театрынын өкүлдөрү өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Коркут Ата” спектаклин көрүүчүлөр зор ынтаа менен кабыл алышты. Анда орто кылымдын улуу инсаны музыкалык аспаптарды жасап, атын түбөлүккө өлбөс кылганы чагылдырылган. Коркуттун өрнөктүү өмүрү Казакстанда актуалдуу.

Фестивалдын жыйынтыгында, “Коркут Ата” спектакли 2-орунду ээледи. Калыстар тобу кыргыз артисттеринин өнөрлөрүнө өзгөчө баа берип, “Эң мыкты чыгармачылык изденүү” номинациясын ыйгарышса, Коркуттун жаш кезин аткарган актер Адыл Болорбек уулу “Эң мыкты аткарган ролу үчүн” деген сыйлыкка арзыды.

Эл аралык фестивалда зор ийгиликке жетишкен Кыргыз театрынын “Коркут Ата” спектакли башка өлкөлөрдүн да фестивалдарына чакыруу алды.