Жаңылыктар
Этномаданий туризмди өнүктүрүү саамалыгы Тоң районунда старт алды
Маданият
Этномаданий туризмди өнүктүрүү саамалыгы  Тоң районунда старт алды

Этномаданий туризмди өнүктүрүү саамалыгы Ысык-Көлдүн Тоң районунан старт алды. Манасчылардын, кол өнөрчүлөрдүн кичи мекенинде өткөн «Тоң ааламы» туристтик жарманкеси кыргыз элинин унутта калып бара жаткан салт-санаасын,улуттук оюндарын көрсөтүп, тамак-аш жана кол өнөрчүлүк буюмдары көргөзмөгө коюлду. Келген коноктордун бүйүрүн атайын тапталган куштардын бийи жана салбуурунчулардын жаа атуусу өтө кызытты. 

Кыргыздын үрп-адаты, салт-санаасын даӊазалаган туристтик жарманке алгач концерттик программа менен башталды. Тоӊ районунун атактуу, колунан көөрү төгүлгөн ууз айым, уста мырзалары бул күнү колго жасалган буюмдарды эл алдына алып чыккан. Өнөрпоздор үчун мындай иш чара биринчи ирээт өтүүдө.

Кыргызстандын Салбуурун федерациясы ат үстүндө жаа атуу, куш салуу жана тайган жарышын көрсөттү. Федерациянын президенти Алмаз Акуновдун айтымында, мындай туристтик жарманкелер аймактын туристтик потенциалын көтөрүү менен гана чектелбестен, элди өз баалуулуктарын унутпоого дагы чакырык таштайт.

Жармаңкеге катышкандар кыргыз эли илгертен колдонгон буюмдарды жасап көрсөтүү үчүн алып келишкен. Алардын бири Бөкөнбаев айылынын тургуну Кайырбек Токтосунов учурда колдонуудан чыгып калган булгарыдан жасалган идиш аяктары менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Келечекте Тоӊ району этномаданий туризмдин кичи мекенинен айлана тургандыгын айткан уюштуруучулар мындан ары дагы ушул сыяктуу иш-чаралар байма бай болуп тураарын белгилешти. Себеби Тоң жергеси манасчылардын,салбуурунчулардын, жаңыдан кадам таштап, өнүгүп келе жаткан Кыргызкиноиндустриясынын мекени. Муну менен туристтерди эки эсе көп тартууга болот.