Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жыл өткөн сайын суюлуп бара жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жыл өткөн сайын суюлуп бара жатат

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жыл өткөн сайын суюлуп бара жатат. Былтыр өлкө боюнча экинчи дүйнөлүк согуштан аман келген ардагерлердин саны 886га жетсе, бир жыл аралыгында 200дөн ашык адам жарык дүйнө менен кош айтышкан. 

Быйыл немис баскынчыларынын үстүнөн ээ болгон жеңишке 72 жыл болду. Андагы каруусу күчкө толгон эр-азаматтардын эң жашы азыр 90 жаштан ашып отурат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары душмандын мизин майтарууга Кыргызстандыктардын дагы салымы чоң. Бул согушка өлкөдөн 360 миңден ашык адам аттанып, оорукта эмне өндүрүлсө фронтко жөнөтүлгөн. Көп адамдын сөөгү согуш талаасында калган. Ал эми ушул күнгө чейин өмүр сүргөн ардагердин саны 600дөн ашат.

Убакыт баарын өзү таразалайт. Бир кезде душман менен кармашып жеңиш менен келген азаматтардын жашы улгайып, ушул күндө карылык менен күрөшүп жашап келет. Тарыхтын тирүү күбөлөрүн мамлекет камкордукка алып, казынадан атайын каражат каралган.

Жеңиш күнү дагы акырындап босогого жакындап келди. Мамлекет бул жолу дагы майрамга карата өзүнчө каражат бөлгөн. Андан тышкары жеңилдик катары 7 миң сом жана 10 миң сомдон президенттик стипендия ар бир ай сайын бөлүнүп турат.
Ардагерлерге акчалай жардам гана көрсөтүлбөстөн, кары адамдарды оорун колдон, жеңилин жерден алып жардам бериш үчүн муктаждыгы бар ардагерлерге социалдык кызматкерлер бекитилген.