Жаңылыктар
Кыргыз-орус кызматташтыгынын перспективдүү маселелери талкууланды
Саясат
Кыргыз-орус кызматташтыгынын перспективдүү маселелери талкууланды

Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын перспективдүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, президенттер эки тараптуу аракеттердин жана Евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын алкагында иштешүүнүн эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Кошумчалай кетсек, Орусиянын ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айынан мартка чейин Орусияда иштеп жүргөн 2 миң 315 мигрант мекендешибиз Россиянын жарандыгын алган. 

Мындан тышкары, 4 ай аралыгында 192 миң 750 кыргызстандык жаран Россиянын миграциялык каттоосуна турган.