Жаңылыктар
Быйыл республика боюнча жаратылыш кырсыктары арбын катталды
Өзгөчө кырдаал
Быйыл республика боюнча жаратылыш кырсыктары арбын катталды

Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу республика боюнча жаратылыш кырсыктары арбын катталды. Тактап айтканда, 6 эсеге көп болгон. Кырсыктан каза тапкандардын саны  дагы  ушундай эле көрсөткүчтө. Келтирилген  материалдык чыгым 266 миллион сомдон ашты, ал эми  өткөн жылы табигый кырсыктардын чыгымы 17 миллион сомго чукулдаган. 

Мындай маалыматтар, 24-апрелде өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде өткөн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аны жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга карата мүлктүк камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча жыйында айтылды. 

Премьер-министр жыйын жүрүшүндө  мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишине нааразылыгын артып, айыл жергесиндеги элдин турак жайларын камсыздандыруу боюнча маалыматтары жоктугун белгилеп, уюмдун ишмердүүлүгүн сынга алды. Жээнбеков  мындан сырткары, табигый кырсыктардын  алдын алуу зарылдыгына токтолуп,  тиешелүү  министрликтерге  каражаттар  өз убагында  берилишин  талап кылды.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"