Жаңылыктар
“Коркут Ата” спектакли эл аралык фестивалда ийгилик жаратты
Маданият
“Коркут Ата” спектакли эл аралык фестивалда ийгилик жаратты

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Түрк тилдүү мамлекеттердин “Театр көктөмү” аттуу эл аралык театралдык фестивалга катышып байгелүү келди. 

Казакстандын тунгуч  режиссеру Жумат Шаниндин 125 жылдыгына арналган   фестивалда, Түркестан жана Чымкент шаарында драматург Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” спектакли 2-орунга татыктуу болду. 

Эл аралык театралдык  фестивалды Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт минисрлиги жана ТҮРКСОЙ эл аралык  уюму  уюштурган. 

Эл аралык фестивалда зор ийгиликке жетишкен Кыргыз театрынын “Коркут Ата” спектакли башка чет мамлекеттердин да театр фестивалдарына чакыруу алды. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”