Жаңылыктар
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү маселеси кайрадан көңүл борборунда
Кырсык
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү маселеси кайрадан көңүл борборунда

Өлкөдө “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү маселеси кайрадан көңүл борборуна алынды. 

Жакында эле Бишкектин чок ортосунда автоунаа менен эки окуучуну ыргыта сүзүп, өзү качып кеткен айдоочунун окуясынан кийин бул аракет жанданды.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорун киргизүү 2012-жылы демилгеленгени менен азыркыга чейин натыйжа жок. 

Тендерге байланыштуу сот иши уланып жатканы долбоордун ишке ашпай жатышына себеп болгонун өкмөт жүйө келтирет.

Ал арада өлкөдө жол кырсыгынын саны, анын ичинде адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар кун сайын өсүүдө. Өкмөттүн бул жаатта көрүп жаткан чарасы коомчулукту канааттандырбайт.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"