Жаңылыктар
Табигый кырсыктан жаракат алган жаран каза болду
Өзгөчө кырдаал
Табигый кырсыктан жаракат алган жаран каза болду

Базар-Коргон районундагы жер көчкүдөн куткарылып, кийинчерээк ооруканага жеткирилген 24 жаштагы жаран, алган жаракаттарынан улам каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, аны топурак басып калганда, жамбаш сөөктөрү жана бели сынып кеткен. 

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагында, 23-апрель күнү саат 17:15тер чамасында тоонун боорундагы булакка суу түтүктөрүн улап жүргөн сегиз адамдын төртөөнү жер көчкү басып калган. Алардын бирөө дароо жан берсе, бирөө ооруканага алып бара жатканда көз жумган. Ал эми калган экөөнүн абалы оор деп айтылган.