Жаңылыктар
Кыргызстанда компьютерлерди, планшеттерди чыгарууга толук шарт бар
Билим
Кыргызстанда компьютерлерди, планшеттерди чыгарууга толук шарт бар

Кыргызстанда компьютерлерди, планшеттерди чыгарууга толук шарт бар. Бул тууралуу Кара-Балта шаарында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү менен жаш ишкерлердин жолугушуусунда айтылды. Жаш ишкерлер “стартап” долбоорлорун баштап компьютердин “платасын”, 3D принтерлерди жана компьютерлештирилген станокторду жасап чыккан. 

Алар инвесторлорду тартуу менен өндүрүшүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоого кызыктар. 

Келечекте метал иштетүүчү станокторду жана IT технологиясынын жабдууларын чыгаруучу завод куруу пландалууда. Техникаларды автоматташтыруу менен жумушчу күчүн азайтып, сандап сапатка өтүүгө болот дейт адистер. Ал эми IT жабдууларын, компьютерлерди чыгаруучу үчүн өлкөдө тийешелүү адистер жетишсиз.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"