Жаңылыктар
Өлкө боюнча салык карызын төлөбөгөндөр арбыды
Экономика
Өлкө боюнча салык карызын төлөбөгөндөр арбыды

Соңку үч ай аралыгында республика боюнча салык карызынын суммасы 2 жарым миллиард  сомдон ашты. Салык кызматынын билдирүүсү боюнча карызын төлөй албай жаткандардын арасында жеке ишкерлер менен катар ачык акционердик коомдор дагы бар. Былтыр салыкчылар тарабынан 3,5 млрд сомдон ашуун каражатты мажбурлап  өндүрүлгөн. Ал  арада жергиликтүү серепчилер айрым карызын төлөбөй жүргөн ишканалардын мамлекеттик органдарда иштеген таасирлүү адамдары бар экенин айтышууда. 

Өлкө экономикасы салыктан качуунун кесепетинен канча зыян тартып жатканы туурасында так маалымат жок. Ишкерлер эптеп мамлекеттен салыкты жашырып калсам ишканам ошончо өнүгөт деген түшүнүк менен жашашат-дешет эксперттер. Андыктан  Кыргызстанда азырынча салык төлөө маданияты өнүгө элек-дешет алар. Белгилей кетсек, жыл башынан бери  республика боюнча салык карызынын суммасы 2 жарым  миллиард  сомдон ашкан. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"