Жаңылыктар
Эгин аянтында чегиртке коркунучу жоюлат
Айыл чарба
Эгин аянтында чегиртке коркунучу жоюлат

Мындан ары кылкандуу эгин аянтында чегиртке коркунучу пайда болбойт. Анткени, Жапон өлкөсү айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине каршы күрөшүүгө багытталган 21 атайын техникаларды берди.

Буга чейин зыянкеч чегирткелер 2008-жылы 157 миң гектар жердеги дан эгиндерине залакасын тийгизсе, 2016-жылы 60 миң гектарга жакын жердин өсүмдүктөрүнө зыян келтирген. Мындай көрүнүштөр дыйкандарга көптөгөн чыгымдарды алып келген. 

Кыргызстан агрардык өлкө. Ошондуктан, айыл чарбасын туш  тараптуу өнүктүрүү багытында алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын адистер белгилешет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"