Жаңылыктар
Улуттук университеттеги чуулгандуу окуядан кийинки жагдай
Коррупция
Улуттук университеттеги чуулгандуу окуядан кийинки жагдай

Кыргыз Улуттук университетинин административдик-чарбалык иштер боюнча проректорунун милдетин аткаруучу болуп экономика факультетинин деканы Эркин Кулова дайындалды. 

Эске сала кетсек окуу жайдын проректору Нурзак Асанбеков шаардык милициянын кызматкерине 100 миң сом пара бергендиги үчүн кармалган.Текшерип келген милициянын ыкчам кыматкери акчаны алган эмес, шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине болгон маалыматты билдирген. 

Дароо банк эсептеринин экөө тең көзөмөлгө алынып, каражат эсепке которулганда, 16-февраль күнү окуу жайдын өкүлдөрү колго түшүрүлгөн. 

Кийинчерээк сот проректорду эки айга камакка алуу, ал эми башкы бухгалтерди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Окуу жайдын кызматкерлерлери эмнени жашыргылары келген деген суроо пайда болот.
Өлкөнүн башкы жогорку окуу жайында эмне болуп жатат? Кабарчыбыз Нургуль Жумабекова териштирип көргөн.