Жаңылыктар
Кыргызстанда дааватты мыйзам менен чектөө каралууда
Дин
Кыргызстанда дааватты мыйзам менен чектөө каралууда

Кыргызстанда дааватты мыйзам менен чектөө каралып жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоору ишке ашса, диний үгүтчүлөрдүн иш-аракеттерине чектөө коюлат. 

Кыргызстанда дааватка тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбооруна ылайык, дааватчыларга үйлөрдү кыдырып диний үгүт иштерин жасоого тыюу салынат. Мындай эрежени бузгандар административдик мыйзамдарга ылайык жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле, мыйзам долбоору мамлекеттик экспертизадан өтпөгөн диний адабияттарды, аудио, видео файлдарды таратууга тыюу салууну көздөйт.