Жаңылыктар
Кыргызстан - Иран парламенттер аралык кызматташтыгы артууда
Саясат
Кыргызстан - Иран парламенттер аралык кызматташтыгы артууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Иран Ислам Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Иран Ислам Кеңешинин Межлисинин төрагасы Али Лариджани менен жолугушту. 

Жолугушууда тараптар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү алакалардын учурдагы абалы жана бул жааттагы байланыштарды келечекте кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу тууралуу да баарлашты. 

Кыргызстан менен Ирандын соода жүгүртүүсү тиешелүү деңгээлде болбой жатканын айткан Чыныбай Турсунбеков жакынкы аралыкта түз авиакаттамдардын ачылышы жана Иран жарандарына виза берүү шарттарынын жеңилдетилиши соода байланыштарын арттырууну тездетерин белгиледи. 

Өз кезегинде Иран межлисинин төрагасы кыргыз тараптын парламенттик демократиялык багыттагы жетишкендиктерине жогору баа берип, ал дагы эки өлкө ортосунда соода-сатык алакаларынын начар экендигин белгилеп, аны күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолду.