Жаңылыктар
Санарип сигналы жетмейинче 326 айылда аналогдук берүү өчпөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Санарип сигналы жетмейинче 326 айылда аналогдук берүү өчпөйт

Кыргызстанга санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлордун биринчи партиясы келди. Учурда 9 ретранслятор Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарына орнотулуп жатат. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 95 пайыз аймагына санариптик телеберүү сигналдары жеткирилди. Ал эми калган 5 пайызында, тактап айтканда 326 айылга санарип сигналы жетмейинче аналогдук берүү өчүрүлбөйт. План боюнча 65 санариптик телевизиондук ретрансляторлор 2017-жылдын май айына чейин, ал эми кийинки 75 ретранслятор июнь-июль айларында, калган 71 жабдык күз айларына карата орнотулуп бүтөт.