Жаңылыктар
Юстиция министрлигиндеги коррупция иштери
Коррупция
Юстиция министрлигиндеги коррупция иштери

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жумушчу тобу юстиция министрлигинен жана анын түзүмдөрүнөн 8 коррупциялык зонаны, 30дан ашык коррупциялык тобокелчиликтерди аныктады. Маалыматта айтылгандай, паракорчулуктун көбү юридикалык жактарга, өкүлчүлүктөрүнө жана жеке ишкерлерге лицензия берүүдөн келип чыгат. Адвокаттык менен алектенгендерде жана нотариустар боюнча да маселе көп.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу юстиция министрлигинде паракорчулук негизинен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенгендерге жана нотариалдык кеңселерге лицензия берүүдө келип чыгат деп эсептешет. Анткени анализ жүргүзүүдө нотариустардын ишмердигине формалдуу түрдө гана көзөмөл жүргүзүлөрү айкын болгон. Буга укук коргоо органдарынын келтирген сандары да мисал.

2013-16-жылдары юстиция министрлигине жарандардан миңден ашык арыз даттануулар келип түшкөн, анын теңинен көбү нотариустардын жана жактоочулардын иш аракетине карата болгон.