Жаңылыктар
Элеттик дыйкандарга айыл чарба техникалары лизингге берилди
Айыл чарба
Элеттик дыйкандарга айыл чарба техникалары лизингге берилди

Акыркы мезгилде өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө болгон иштер арбып жатканы байкалууда. Алардын бири дыйкандар үчүн техниканы лизингге берүү. Бул ыкма 2012-жылдан бери жүрүп, андан бери эки миңге жакын техника элеттик дыйкандар үчүн берилди. Бул жолу да дыйкандардын муктаждыктарын ишке ашырып, айыл чарбага керектүү 20 техника фермерлердин колуна тапшырылды.

Жаңы келген техникалардын жанынан чыкпай айланчыктап жүргөн Аскарбек байкенин толкунданып жаткан учуру. Анткени ал бул эшиги да ачыла элек трактордун ээси болду. Эми дыйкан бул техникалардын күчү менен чарбасын өнүктүрөм деген үмүтү бар.