Жаңылыктар
Кыргызстанга мобилдик клиникалар келет
Ден соолук
Кыргызстанга мобилдик клиникалар келет

Жакында жер-жерлерге сапаттуу медициналык кызмат жеткирилет. 2017-жылдын август айында Кыргызстанга Норвегиядан мобилдик клиникалар келет. Бул клиникалар заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылып, операциялык бөлмө, лаборатория жана томографиялык текшерүү да бар. Андан сырткары, стоматолог, гинеколог жана башка адистер элге кызмат көрсөтөт. “Ден соолук кербени” атайын график менен Кыргызстандын аймактарын жыл бою кыдырып чыгат.