Жаңылыктар
Түндүк Корея - АКШ согушу тутанганы калдыбы?
Дүйнө
Түндүк Корея - АКШ согушу тутанганы калдыбы?

Түндүк Корея тууралуу АКШ, Кытай, Япониянын лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүп, талкуулады. Анткени Пхеньян Вашингтондун  аймакка багыт алган кемесине сокку уруп,чөктүрөбүз деп жарыялады. Ошол эле убакта Түндүк  Кореяынын бийлиги дагы бир америкалык жаранды түрмөгө камады. Жакын арада Пхеньян мүмкүн кайрадан өзөктүк сыноо өткөрөт деген коркунуч жаралууда. 

Кечээ күнү Түндүк Корея элдик армиясынын 85 жылдыгын  майрамдады. Себеби жогоруда айтылган  майрамга  шылтоолоп мурда Түндүк Кореянын бийлиги өзөктүк сыноо же  ракета атууну ишке ашырчу. Дал ушул себептен АКШ,Кытай,Түштүк Корея,Япония менен Россия Пхеньян  кайрадан сыноо өткөрүбү деген кооптонуусу бар.

Белгилей кетчү жагдай бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө Түндүк Кореянын  армиясы кубаттуулугу жагынан 4-орунду ээлейт. Бул өлкөнүн 1 миллион 200 миң  жоокери бар.

Талдоо маалыматын даярдаган  Алмаз Батилов.Тааныштырган Бакыт Тапаев болду.