Жаңылыктар
Бишкекте "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүүдө

"Коомдук транспорт" аталышындагы рейд коомдук транспорттун катышуусундагы жол кырсыктарынын санынын өсүшүнө жана эл ташыган унаалардын жол эрежелерин одоно бузуп жатканына байланыштуу жүрүп жатат. 

Бишкек шаардык патрулдук милициясы менен мэриянын транспорт башкармалыгы бирге уюштурган иш-чара 24-апрелден 28-апрелге чейин уланат. Рейдде коомдук транспорттун техникалык абалы катуу көзөмөлгө алынат.