Жаңылыктар
Чүйдө жер титиреди
Кырсык
Чүйдө жер титиреди

Бүгүн эртең менен Чүй облусунда жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, эртең мененки саат 6:50 чамасында, күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. 

Жердин силкинүүсү Бишкек шаарынан 57 чакырым түштүк-чыгыш, Токмок шаарынан 30 чакырым түштүк-батыш тарапта сезилди. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.