Жаңылыктар
Бишкектеги "Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги "Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына өттү

Экс-мэр Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон Бишкектеги "Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдирди. 

Маалыматта Бишкектин Ленин райондук, шаардык сотторунун 2013-жылдагы жана Жогорку Соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы токтомдору менен Нариман Түлеев жана башкалар Кылмыш кодекси боюнча күнөөлүү деп табылганы жана алардын мүлкүн мамлекетке чегерүү каралганы айтылат. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу ижарачыларга келишимди кайрадан түзүү же имаратты бошотуу зарылдыгын расмий түрдө кабарлаган. Жакын арада фонд ижара келишимдерин кайрадан түзүү аракеттерин баштайт. Эгер андан баш тарткан ижарачылар болсо алар ээлеген жерин бошотуп, орду мыйзам чегинде башкаларга берилерин эскертүүдө.