Жаңылыктар
Мүнүшкөрлөр Көчмөндөр оюндарынын камылгасында
Спорт
Мүнүшкөрлөр Көчмөндөр оюндарынын камылгасында

Ысык-Көл облусунун мүнүшкөрлөрү күз айларында өтүүчү экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына камылга көрүшүүдө. Белгилей кетсек облус аймагында мүнүшкөрлүк менен алектене баштаган жарандардын саны жыйырмадан ашты.

Бул өнөргө азыр жаштар көбүрөөк тартылып, бир эле убакта мүнүшкөрлүктүн да, тайганчылыктын да сырларын терең өздөштүрүп жатышат. Алар быйылкы көчмөндөр оюндарынан көп нерсеге үмүт артып турушат. 

Себеби алыс жакындан кылымдарды карытып келген бул өнөрдү туу туткан чебер мүнүшкөрлөр келишет. Негизинен мүнүшкөр - алгыр куштарды таптап, үндөөккө келтирип, илбээсин, карышкыр, түлкүгө сала турган киши. Мунушкөрдүн эң жетиги жана барктуусу - буркүтчү. 

Уядан алынган бала бүркүттү таптоо, колго үйрөтүү, үндөккө келтирүү негизинен төрт баскычта жүргүзүлөөрү айтылууда.
 Алар менен тажрыйба алмашуу болот. Аймактагы мүнүшкөрлөрдүн даярдыгы тууралуу кененирээк Эдил Мелисбектин материалында: