Жаңылыктар
Себепсиз алсыроого жаз айы таасирин тийгизет
Кыргызстан жаңылыктары
Себепсиз алсыроого жаз айы таасирин тийгизет

Сергек жашоо үчүн күн сайын көнүгүү жасап, спорт менен машыгып, жок эле дегенде 1 – 2 саат жөө басуу зарыл. А бирок кээ бир күндөрү таңкы уйкудан турганда эле адам өзүн алсыз сезип, чарчап-чаалыгат. Изилдөөлөргө караганда бул кадимки көрүнүш эмес, ички организмдин иштөөсүнүн бузулуусуна берилген белги болуп саналат. 

Алина сергек жашоонун башаты туура тамактануу деп эсептейт. Адам тамактануу убактысын бузбаса, анда алсыроо, көңүл коштук жоголорун айтат. «Өзүм эртең менен эрте туруп, көнүгүү жасайм. Ошондой эле шаңдуу музыка угам, музыка мага көңүлдүү жашоого себеп болот»,-дейт.  Ал эми Батма Эшалиева 55 жашта. Ден соолугу жакшы, айрым учурларда өзүн алсыз сезет. Уйкусу качып, тамакка болгон табити жоголот. Мындай абалынан чочулап дарыгерге кайрылган, жыйынтыгында оору белгилери байкалган эмес.

Себепсиз алсыроого мезгил дагы таасирин тийгизет. Анткени аба ысыктан суукка же сууктан ысыкка алмашканда организмде өзгөрүүлөр пайда болот. Андан сырткары күнүмдүк маселелер да  психикалык жактан алсыратып, чарчоого алып келет. Буга жол бербөө үчүн адам алгач өзүнө кам көрүүсү абзел,-дейт психолог Мээрим Окошова. Адистердин мындай пикирине шаар тургундары да кошулат. Таңкы алсыздыктан арылуу үчүн норма менен уктап, спорт менен машыгып, жакшы ойлорду ойлоо зарыл. Мындай жашоо образы ийгиликтин башаты болорун белгилейт. Эгерде эртең мененки чаалыгып-чарчоо эки жумадан ашык убакытка созулса, анда дарыгерге кайрылуу керек. Өзүн алсыз, чарчаңкы сезүүнүн натыйжасы депрессияга жол ачарын айтат адис Мээрим Окошова. Адистер кандай болгон күндө да таңкы тамактанууну сунуштайт. Бул чарчоодон арылтып, дененин күчтүү жана сергек болуусун жөнгө салат.

Наргиза Бакытбек кызы, "Биринчи радио"