Жаңылыктар
Жеңиш күнүн белгилөөгө карата иш-чаралардын планы бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңиш күнүн белгилөөгө карата иш-чаралардын планы бекитилди

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгын белгилөөгө карата Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана майрамды республиканын бардык аймактарында жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды. 

Анын негизинде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Өкмөттүк комиссия түзүлүп, 16 пункттан турган план иштелип чыкты. Анда мамлекеттик органдарга, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгын белгилөө үчүн салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу жана даярдык иштерин чечүү маселеси тапшырылды.

Эске сала кетсек, 2016-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгы нөшөрлөгөн жаан алдында белгиленген. 9-майда Бишкектеги Өчпөс отто Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгына карата митинг-реквием болгон. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, шаар башкармалыгы, ардагерлер жана шаар тургундары катышышкан.