Миңдеген адамдардын катышуусундагы "Өлбөс полк" жүрүшү Жеңиш күнү, 9-майда Бишкекте өтөт. Жүрүш эртең мененки саат тогузда Түштүк дарбазадан башталып, Жеңиш аянтына чейин жасалат.
Андан соң, түбөлүк оттун жанында митинг-реквием менен аяктайт. Былтыр жаан-чачындуу аба ырайы болгонуна карабай иш-чарага 20 миңден ашык адам катышкан. Бул жылы андан да көп катышары болжонууда.
Быйыл дагы иш-чараны уюштуруу иштерине Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш кийлигишкен жок. Элдик акция өз эрежеси менен өтүүдө. Ал эми шаардын бийликтери инфраструктуралык меселелерди колго алып, "Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучуларына көптөгөн сюрприздерди даярдап койгонун айтып, аларды иш-чара учурунда жарыя кыларын убада кылды.