Аймактарда башталган "Элечек ээсиз калбасын" долбоору Бишкекте өтүп жатат. Анда улуттук баш кийим - элечекти каалаган кыргыз айымдарына кийип көргөнгө мүмкүнчүлүк берилүүдө. Бул саамалык 16-апрелде Караколдо башталып, Ош, Талас, Жумгал, Чүйдө жалпысынан 400 айым баш кийимди кийип көрүп, анын өзгөчөлүгү менен артыкчылыктарын билишкен. Иш-чара 27-апрелде борбор калаада жыйынтыкталат. Бирок, Япония, Орусияда жашаган мекендештерибиз долбоорду андан ары чет өлкөнүн аймактарында улантууга кызыкдар экендигин билдиришкен
“Улуттук кийим деген менен ага маани бербейбиз. Аны күнүмдүк жашоого алып келсек дейбиз. Элечекти 400дөй айымга кийгиздик. Алар киет элек дешти. Бирөө баштаса кийет элек, каражат да тартыш дешет”,- деп билдирди дизайнер Айжан Акылбекова.