Жаңылыктар
Милдеттүү медициналык камсыздоо фондундагы коррупция
Коррупция
Милдеттүү медициналык камсыздоо фондундагы коррупция

Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунда 10го жакын коррупциянын тобокелчиликтери табылды. Бул маселе коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун кезектеги отурумунда талкууланып, аларды жоюу пландары каралды. Анда коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатындагы аткарылчу иш аракеттердин так мөөнөттөрү бекитилди. 

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөлөрү - Дарыгерлер өздөрү ооруканаларга бейтаптардын көп кайрылуусуна кызыкдар дешет. Анткени дартка чалдыккандар канча көп түшсө, ошончо көп каражат табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду мына ушундай көрүнүштөр менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Бирок иш жүзүндө бардыгы эле ойдогудай болбойт жатат.


Дагы бир көйгөй - каржылоо. Камсыздоо фондунун ишмердигине ортомчу болгон түзүмдөр бар, каражатты кымырууга мына ошол бөлүмдөр ортоктош болушат.

Эксперттер билдиргендей, 
дары-дармек сатып алууда фармацевтик компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүүлөр болот. Бул деген чоң акча каражаттары жана чоң паракорчулук экендигин айгинелеп турат.

Андыктан коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу милдеттүү медициналык камсыздоо фондунда коррупцияны жок кылуу максатында так план иштеп чыкты.
Коопсуздук кеңеши тарабынан айтылган бардык тыянактар менен камсыздоо фонду макул жана кийинки кадамдар ага жараша болорун айтышууда.

Коррупцияга каршы айрым иш-чаралар кошумча каржылоону талап кылат, ал эми кээ бир чараларды аткаруу үчүн узак мөөнөт керек. Эң негизгиси камсыздоо фонду паракорчулукка каршы күрөш учурда канчалык зарыл экенин жакшы түшүнүшөт.