Жогорку Кеңештин депутаттары Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жаңы курамын бекитти. Добуш берүү жашыруун түрдө өттү. Эскерте кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат.
Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин жаңы курамына конкурс январь айында жарыяланган. Март айында депутаттар 32 талапкердин арасынан 31ин тандаган. Электен 26 талапкер өтүп Жогорку Кеңешке келген, добуш берүү алдында эл өкүлдөрү талапкерлерге каалоосун билдиришти.
Жыйында депутаттар Байкоочу кеңештин мурунку курамынын эмгегин дагы баалады. Мыйзамга ылайык КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат. Алгач президент, Жогорку Кеӊеш жана жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерлер комитетте каралып, кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылат.
Президент тарабынан 10 талапкер көрсөтүлсө, Жогорку Кеңеш 5 адамды алып чыккан. Ал эми коомдук уюм 11 талапкерди сунуштаган. Депутаттар ар бирине жашыруун добуш берип, Байкоочу кеңештин курамына эң көп добуш алган талапкер кирди.
1. Президент сунуштаган талапкерлер
Нурия Айдабосунова
Жыпар Жекшеев
Анатай Өмүрканов
Талант Султанов
Игорь Шестаков
2. Парламент сунуштаган талапкерлер
Айнура Аскарова
Жылдыз Бакашева
Кубат Болотканов
Чолпон Турдалиева
Жылдыз Ниязова
3. Жарандык коом сунуштаган талапкерлер
Азамат Болгонбаев
Айгүл Жунушалиева
Айбек Карымов
Анаш Кадырова
Калыбек Тайтекеев
Ошентип жаңы курамга мурунку Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрү кайра илинди. Ошондой эле коомдук ишмерлер, акын жана ырчылар дагы тандалды.